Жаңылыктар
Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы оң жагына өзгөрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы оң жагына өзгөрүүдө

Социалдык тармактардан тарта ири маалымат каражаттарына чейин өлкө ичиндеги окуялар ачык чагылдырылып, ар бир жаран өз оюн эркин айта алат. Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинен Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы Бишкекте өткөн "Маалымат каражаттарынын эркиндиги жана плюрализм" деп аталган эл аралык конференциянын негизги темасы болду.

Эки күндөн бери Бишкек Борбор Азия мамлекеттериндеги сөз эркиндигинин абалын талкуулаган борборго айланды. Анда Борбор Азиянын курамына кирген ар бир өлкөдөгү медианын ролу ортого салынды. Кыргызстан маалымат каражаттарынын, ошондой эле сөз эркиндигинин абалы жагынан коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ алдыда. Бул биздин өлкөнүн акыркы кездеги көрсөткүчтөрүнөн да тастыкталып турат.

“Чек арасыз кабарчылар» Эл аралык уюмунун жыйынтыгын Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун маалымат каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Арлен Дезир оң баалады. Мындай пикирин ал Тышкы иштер министри менен болгон жолугушуусунда билдирип, Кыргызстандагы плюрализмдин деңгээли жогору экенин баамдаган. Айтымында, сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча Кыргызстанда олуттуу жетишкендиктер бар. Жергиликтүү адистер Борбор Азия конференциясында бул тууралуу кеңири сөз болгонун белгилешти.

Жыйында Борбор Азия чөлкөмүндөгү ар бир мамлекеттин сөз эркиндигине өзүнчө баа берилди. Маселен, коңшу Тажикстанда интернетке чектөө киргизүү адаттагы эле көрүнүш. Түркмөнстанда маалымат каражаттарынан ар кандай кырсыктар тууралуу да кабар алуу мүмкүн эмес. Ал эми Өзбекстан жалпыга маалымдоо каражаттарына эркиндик берүү боюнча акыркы кезде көп аракеттерди көрүп жатканы белгиленди. Казакстандык медиа-юрист Гулмира Биржанова сөз эркиндиги жагынан Кыргызстандан үлгү ала турган көп нерсе бар дейт.

Кыргызстан азыркы учурда санариптик трансформациялоо шартында маалымат каражаттарынын эркиндиги жана плюрализм жаатында чоң кадамдарды жасоо алдында турат.

Борбор Азия конференциясынын Кыргызстанда өткөнү да чоң мааниге ээ. Журналисттер коомчулугу жалпы улуттук деңгээлде коопсуз маалымат айдыңын түзүү, сөз эркиндигин калыптандыруудагы өзүн өзү жөнгө салуу ыкмалары сыяктуу сунуштамаларды иштеп чыгышты. Иш-чарага чөлкөмдөгү беш мамлекет жана Монголиядан келген 100дөн ашык журналисттер, мамлекеттик кызматкерлер жана медиаэксперттер катышып, тажрыйба алмашты.