Калкты тейлөө борборунун жумушу жөнөкөйлөшүп, арзандады. Бишкекте эле эмес, бардык облустарда калкты мобилдүү тейлөө борборлору иштеп жатат. Ар бир жаран өзүнө ыңгайлуу жерде, убактысына карап каттоо кызматынын адистеринин кызматынан пайдалана алат. Мындай борбор паспорт алуу, каттоого туруу, виза алуу өңдүү жана башка маселелерди ыкчам чечет. Документтер даяр болгон соң кызматкерлер кайрылган адамдын үйүнө же болбосо кеңсеге жеткирип берет.
Калкты мобилдүү тейлөө борбору - бул паспорттоштуруу, жарандык абалдын актыларын каттоо кызматтарын көсөтүү үчүн бардык техникалык каражаттар менен жабдылган атайын кичи автобус. Ошондой эле аларда кассалык аппарат, фото жана ксерокөчүрмө кызматтары да бар.
Чакыруулар биринин артынан экинчиси болбойт. Бирок бул жолу бир кайрылуу келип түшкөн. Талгат Мукашев ишинен колу бошобой, калкты мобилдүү тейлөө борборунун кызматынан пайдаланууну чечкен. Анын паспортунун жарактуулугу тууралуу мөөнөтү аяктап калган.
Чындыгында бир топ убакытты үнөмдөсө болот. Тейлөө учурундагы бардык иш 10-15 мүнөттү алат. Андан соң маалымат электен өтүп, Мамлекеттик каттоо кызматынын документтерди даярдоо тутумуна келип түшөт.
Төлөм боюнча жеңилдик айрым категориядагы жарандарга эле каралган. Калгандары үчүн атайын баа бекитилген. Бишкек жана Ош шаарларында 1616 сом, калган аймактарда дээрлик эки эсе арзан.
Мындай калкты мобилдүү тейлөө борборлору бардык аймакта иштейт. Алардын саны 16га жетти. Кызмат үчүн былтыр унааны Япония өкмөтү камсыздаган. Башкы максаты - алыскы жана катаал жерлердеги калкты өз учурунда тейлөө. Жыл башынан бери 930 чакыруу келип, тейлөө жумуштары жасалган.
Туристтик мезгилдин башталышы менен Чолпон-Ата жана Бостериде кошумча 2 мобилдүү борбор иш алып барууда. Алардын жардамы аркылуу чет элдик жарандар убактылуу каттоого турууну тездете алат. Бүгүнкү күндө 209 турист көчмө борбордун кызматынан пайдаланган.