Жаңылыктар
ИИМ: айдоочуларга салынган айыптардын жарымы да чогула элек
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: айдоочуларга салынган айыптардын жарымы да чогула элек

Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыптын жарымы да чогула элек. Бул туурасында ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн улук инспектору Аян Койшыбаев билдирди.

"Жыл башынан бери эреже бузган айдоочуларга айып салынган 285 миң 338 учур катталса, алардын 124 миңи айыбын төлөдү. Бул 43 пайызынан каражат чогулду дегенди түшүндүрөт", — деди Койшыбаев.

Эксперттер айып салынган каттар бир нече жыл мурда ишеним кат аркылуу сатып жиберген унаанын ээсине барып жаткандыктан, төлөөдөн баш тарткан учурлар кездешкенин айтышты.