Жаңылыктар
Оштун жаштарына Японияга барып иштегенге шарт түзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Оштун жаштарына Японияга барып иштегенге шарт түзүлөт

Кечээ, Ош шаарынын вице-мэри Япониянын “Шеунанизава” курулуш компаниянын башкы директору Изава мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Япония мамлекетинде жарандарды билим берүү жана жумуш орду менен камсыздоо жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү. 

Япония тараптын айтымында, кыргызстандыктардын көпчүлүк бөлүгүн түштүктүн жашоочулары түзөт. Японияда негизи төрт багыт боюнча жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар: социалдык, курулуш, мейманкана бизнес чөйрөсү жана IT-технология тармагы. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Биз кыргызстандыктарды Японияда ишке орноштурууну каалайбыз. Бирок, алар, жок дегенде, баштапкы денгээлде жапон тилин билүү керек. Ал үчүн Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун базасында жапон билим берүү борбору ачылган. Мындан тышкары студенттер үчүн институттун астында колледж бар, окууну бүтүп тил үйрөнүп бүткөн соң Японияда иш менен камсыз болушу мүмкүн. Кыргызстандыктар үчүн Японияда үч жылдын ичинде болжол менен 3400  жумушчу орундарын түзүү демилгеси жүргүзүлүүдө. Алардын көпчүлүгүн түштүк тарап түзүшү мүмкүн. Мындан тышкары, студенттерге жапон мекемелеринде жана ишканаларында стажировкага жана окуу практикасын өтүүгө мүмкүнчүлүк бар  деп айтты жолугушунун жүрүшүндө Изава мырза.