Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Кадамжай районунун Миң-Чынар айылында милиция кызматкерине үй жана кызматтык кеңсе курулду. Айылдагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана жоюу максатында жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом каржыланган. Курулуш иштери ашар ыкмасында ишке ашып, жеке демөөрчүлөр да салым кошушкан.
Мындан ары Миң-Чынар айылынын аймактык милициясына үй-бүлөсү менен жашап, иштегенге мүмкүнчүлүк жаралып отурат. Кабарчыбыз Нургазы Жайнаков тартип сакчысынын жаңы конушу жана кызматтык кеңсесине барып келди.
Чырмашбек Үсөн уулу Миң-Чынар айылында тартип сакчысы. Жумушуна байланыштуу ар кайсы үйгө көчүп-конуп, батирлеп иштеп келген. Өзү менен кошо жубайы, 3 баласы да мындай түйшүктөн арылган эмес. Эми бул үй-бүлө бир эле учурда үч бөлмөлүү үй жана кызматтык кеңселүү болушту.
Жергиликтүү бийлик имаратты курууга 1,5 млн сом каражат бөлгөн. Мындан сырткары жеке ишкерлер да курулуш материалдарынан демөөрчү болушкан. Ал эми айыл тургундары ашар ыкмасында кол кабыш кылышкан. Бул аракеттердин баары айылдагы тартипти сактоого жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган.
Кызматтык кеңсени жана үйдү тапшыруу аземине ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев катышып, жергиликтүүлөргө ыраазычылыгын билдирди. Баткен облусу боюнча жалпы 119 милициянын аймактык пункттары болсо алардын бешөөндө гана толук шарт бар. Жергиликтүүлөрдүн мындай жардамы эл менен милициянын ортосундагы байланышты чыңдоого салымы чоң дейт министрдин орун басары.