Жаңылыктар
Ош облусунда “Тоо саякаты ” аталышындагы туристтик тур өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда “Тоо саякаты ” аталышындагы туристтик тур өтөт

17-21-июлга чейин Ош облусунда “Тоо саякаты ” аталышындагы туристтик тур өтөт. Максаты - дубандагы кооз жерлерди дүйнө элине таанытуу, туристтик потенциалды жакшыртуу. 

Уюштуруучулардын пикиринде, иш-чара негизги төрт багытта Алай, Чоң-Алай райондорунун тоолуу аймактарында өтөт. 

Турдун жүрүшүндө, катышуучулар кыргыздын улуттук тамак-ашы, каада-салты, үрп-адаты менен жакындан таанышып, Манас чокусу, Сары-Могол сыяктуу кооз аймактарга саякатка чыгышат.