Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 6 айында көмүскөдөгү 7 миллиард 717 миллион 400 миң сомдук салыкты таап чыкты. Аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, жарым жылда жашыруун салыктарды аныктоо үчүн 5 миң 868 текшерүү жүргүзүлгөн.
Анын ичинен азыркы тапта 5 миллиард 874 миллион 700 миң сом өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1 миллиард 566 миллион 200 миң сомго же 76,1 пайызга көптүк кылат.
Ошондой эле калган 1 миллиард 316 миллион 400 миң сом өлчөмүндөгү салыкты өндүрүү үчүн 115 материал укук коргоо органдарына берилген.