Жаңылыктар
Эс алууга бараткандар эки жакты карап, этият болгула!
Кыргызстан жаңылыктары
Эс алууга бараткандар эки жакты карап, этият болгула!

Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы туристтик маал аяктаганчакты ар бир ишемби, жекшемби күндөрү жол күзөтүп, кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөттү. Мындай кадамга акыркы дем алуу күндөрү Ысык-Көл облусуна бараткан жолдо катталган жол кырсыгы түрткү болду. 

9-июль күнү болжол менен саат 16:45 чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда кичи автобус оодарылып кетти. Кичи автобуста 15 жүргүнчү болгон. Алдын-ала маалыматтар боюнча айдоочу унаасын башкара албай калган. Ичиндеги жабырлануучулар денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Дал ушундай жагдайлардан улам, жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы туристтик маал аяктаганчакты ар бир ишемби жекшемби күндөрү жолдогу коопсуздукту алдын алуу боюнча көзөмөлдү күчөттү.

Жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чаралардань улам, Бишкектен баштап, Көлгө чейин фото видеону каттаган жабдуулар көбөйтүлдү. Ар кайсы постко патрулдук автоунаалар бөлуштүрүлүп, бекитилген аймактарда кызматта болушат.

Бишкектен чыккандан баштап Чолпон-Ата шаарына чейин дал ушундай ыкчам жардамга келүүчү бириктирилген посттор 3 жерге коюлган. Мындагы дарыгерлер тобу кайрылган ар бир жаранга ар тараптуу жардамдарын көргөзүп, кан басымын ченеп, ошондой эле жайгашкан аймагына тиешелүү аралыктарда кырдаалдар катталса, тез арада барып, алгачкы тез жардамды көргөзүшөт.

Ал эми баардык куткаруучу жабдыктары менен даяр турган өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу болсо, бул жерге күзөттө тургандан баштап жакындан жардам көргөзүү иштерин көргөзүп жатышат. Кырсыкты кайдан деп болбой бирок, бир эки саат мурда эле сууга аккан баланы куткарып калышты.

Ушул тапта эс алуучулар көп жүргөн аймактарга кеткен негизги трассаларда жол чийиндерин толугу менен жаңыртуу иши аягына чыкты. Ал эми Бишкектен чыккандан баштап, Ысык-Көл облусуна жеткенчекти ар бир жолдун бурулушу жана ар кандай жагдайы эске алынып, ага ылайыктуу жол белгилери коюлду. Ошондой эле ар бир айылдардын кирген-чыккан аймактарына, атайын белгилер орнотулуп, мындай иш чаралар жалпы эле республика боюнча толуп аткарылып бүттү.

Жыл сайын эс алуучулардын саны көп болгон Ысык-Көлдө коомдук тартипти сактоо үчүн аймактык милиция кызматкерлери тартылчу. Быйылкы коопсуздукту камсыздоо иши жогорку деңгээлде болсун үчүн, атайын туристтик милиция кызматы да түзүлгөн.

Аты айтып тургандай эле Туристтик милиция түздөн түз чет элден келген эс алуучулар менен иш алып барат. Ага чет тилин мыкты билген адистер тандалып алынып, жайы-кышы дебей эс алуучулар көп болгон аймактарда иштеп баштады. Бул үчүн атайын чет тилдер курсун аяктап, мындан башка туристтер менен кантип жакшы тил табышуу керектигин үйрөткөн окутуулардан өтүшкөн. Туристтик милиция эс алуучулардын коопсуздугун эле эмес, туристтер мыйзамды аттабай, коомдук жүрүм-турум эрежелерин сакташын да көзөмөлдөп жатышат.