Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралаш аймактарындагы жашоочулардын ынтымак, достугун арттыруу максатында ар тараптуу иш-чаралар өткөрүлүп келет. 1-июлдан 10-июлга чейинки аралыкта Баткен районунун чек арага жакын айылдарында жашаган 18 бала Тажикстандын Согди облусундагы лагерге чакырылган.
Айсалкын Каныбекова бул жылдагы жайкы эс алуусу өзгөчө болгонун айтат. Тажикстандын Согди облусундагы эң чоң лагерге келип, 8 күндөн бери табияттын кооздугуна суктанып бүтө элек. Аны менен катар эле күн сайын жаңы досторду таап, ар бир күнү кызыктуу өтүп жатат.
Мархоба Гыёсидинова лагерге келген кыргыз балдар менен алгачкылардан болуп достошкон. Улуту тажик болгону менен өзбек тилинде сүйлөшөт. Антпесе, бирин-бири түшүнбөй достошо да алмак эмес. Кандай болбосун орток тил табышып, эки улуттун жаштары 10 күн аралыгында достугун дагы да чыңдоого аракет кылышууда.
Шохин лагери 650 балага ылайыкташып, 6 жаштан 16 жашка чейинки балдарды 10 күндүк мөөнөт менен кабыл алат. 2 ай бою бул жерде эс алуучулардын катары суюлбайт экен. Учурда абанын температурасы 40-45 градус ысык болгондуктан эс алуучулардын көпчүлүгү суудан чыккылары келбейт.
Балдардын жайкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүүсүнө жана аны менен катар эле кошуна жашаган тажик жаштары менен достошуусуна Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин иш- чаралары себеп болгон. Эки тараптуу жолугушууларда чек арадагы пикир келишпестиктердин алдын алуу жана болтурбоо максатында достук жана ынтымакты чыңдоочу макулдашуулар кабыл алынган.
Ал эми Тажикстандын Исфара районунан эмгек ардагери, аксакалдардан турган топ, жалпы 18 адам Ысык-Көлдө эс алышты. Бул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да эки тараптуу өткөрүлүп тураарын облустук бийликтен билдиришти.