Жаңылыктар
Коомдук кеңешке мүчө болчуларды тандоо комиссиясына сынак жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук кеңешке мүчө болчуларды тандоо комиссиясына сынак жарыяланды

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине мүчө болчуларды тандоодон өткөргөн комиссиянын иштөө мөөнөтү аяктады. Мындан улам, жарандык коомдун атынан ушул комиссияга мүчөлүккө шайлануу үчүн сынак жарыяланды. Мамлекеттик органдарга коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоодон өткөргөн Комиссиянын курамы он беш мүчөдөн турат. 

Алардын бешөөнүн бири Акыйкатчы институнун кызматкери, бир мүчөсү Жогорку Кеңеш жана үчөө өкмөттүн өкүлдөрү болот. Калган он мүчөсү жарандык коомдук өкүлдөрүнөн куралат. Август айынын аягында комиссиянын иши аяктайт. Мындан улам, жарандык коомдун мүчөлөрүнүн арасында комиссиянын курамына кирүүгө сынак жарыяланды.