Жаңылыктар
Ат-Башы районунда балчылардын сезону кызыды
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башы районунда балчылардын сезону кызыды

Нарындын Ат-Башы районунда балчылардын сезону кызыды. Анда райондун ээн талаалары бал өндүрүүчүлөрдүн уюгуна айланып, жумуш кызыганын байкаса болот. Алар сезон маалында бери дегенде 6-7 тоннага чейин бал чыгара алышат.

Ат-Башынын ак балы өткөн жылы Лондондо өткөн жарманкеде сапаты жагынан биринчи орунду алып келген. Ошондуктан өлкөдө суроо-талап көп болуп, брендге айланды. Өзгөчөлүгү табыгый таза, химиялык кошулмалары жок. Жесең бир башкача ооздон кетпеген керемет даам. Өңү агыш тартып, бир караганда башка райондун балына окшобой турганы байкалат.

Жайдын аптаптуу ысыгында Ат-Башы районундагы кең талаалар балчылардын мекенине айланат. Ызылдаган аарылар, алар менен кошо талыкпай эмгектенген адамдар. Бул тармакта ийгиликти имерүүдө эң биринчи аракет жана талбаган эмгек болушу керек.