Жаңылыктар
Атамбаев суракка күбө катары чакырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Атамбаев суракка күбө катары чакырылды

Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакырылды. Чакыруу кагазы 8-июль күнү кечке жуук Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жиберилген. Аны КСДПнын төрагасы Таалай Усубалиевге аймактык милиция кызматкерлери тапшырды. 

Анда мурдагы президент 9-июлда эртең менен Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган.