Белгилүү болгондой, өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө быйыл, аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында дагы өзгөчө басым жасалууда. Ар бир дубанда өзүнүн ыңгайлуулугуна жараша өндүрүш өнөр жайын колго алып, социалдык экономикалык абалды жакшыртуу да негизги милдет болууда. Маселен өлкөнүн эң алыскы жана жашоо шарты катаал аймактарынын бири бул Баткен облусу. Жана дубанда биринчи кезекте чече турган маселе- чек ара көйгөйү. Маал маалы менен орун алып келе жаткан чек ара чырлары карапайым калкты бир топ эле жүдөттү.
Ушул аптада Баткен облусуна жумушчу сапары менен президент Сооронбай Жээнбеков барды. Өлкө башчысы дубанда бир катар социалдык мекемелердин абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди. Элдин түмөндөгөн суроолорунун басымдуу бөлүгү дагы мына ушул чек ара көйгөйүнө барып такалды. Президент ар бир тургундун суроосуна жооп берип, элдин көйгөйү боюнча жасалып жаткан жумуштары тууралуу айтып берди. Президенттин сапарынан кененирээк аймактык кабарчыбыз Миргүл Бокошева айтып берет.