Жаңылыктар
Адилеттүүлүк издеген апанын арманы
Кыргызстан жаңылыктары
Адилеттүүлүк издеген апанын арманы

2018-жылдын 2-июнунда жол кырсыгынан каза болгон “Дүйнөнүн сулуу айымы-2018” эл аралык сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакированын апасы жана жакындары кырсык болгон учурда анын жанында болгон досу Чыңгыз Кондубаевге нааразычылыктарын билдиришти.

Жанынан артык көргөн кызынан ажыраганына туура бир жыл бир ай болгонун, ошол каргашалуу кырсыкка мас абалында унааны айдап бара жаткан досу Чыңгыз Кондубаев күнөөлүү деп табылганын айтып, көзүнүн жашын тыя албаган эне "Кондубаев спирт ичимдигин ичип алып, саатына 170 чакырым ылдамдыкта айдаган. Ошентип кызымды өлтүргөнү аз келгенсип, тиешелүү жазасын тартпай, же кечирим сурабай жеңил жаза менен эркин жүргөнүнө кабатырмын", - дейт.

Кондубаев айыбын тартып, тереңден аңдабаса кайра эле ушундай иштерге кабылып, дагы бирөөнүн убалына каларын эскертет Насипа Мамбеталиева.

Жаңы кодекстердин ишке кириши менен Кондубаевдин иши кайра каралып, жазасы жана моралдык чыгымы азайтылган. Эгер, сот тарабынан аныкталган 400 миң сомду Чыңгыз Кондубаев жабыр тарткан тарапка төлөбөй жатса анда сот аткаруучуларга кайрылып, алар аркылуу өндүрүп алууга болоорун жактоочусу телефон аркылуу билдирди.

Саниянын артында үч баласы жетим калды. Апасынан айрылгандан бери алар катуу кайгыга батып, куса болуп жүрүшөт. Эненин ордун эч ким толтура албаса да туугандары, айрыкча тайеже, таякелери жардам берип татыктуу чоңойтууга аракеттерин жумшоодо.

Эскерте кетсек, тандалган кыз-келиндер арасында Вьетнамда өткөн сулуулар сынагында Сания Шакирова “Ааламдын сулуу айымы” наамына татыктуу болуп, өзүнүн акылына төп келишкен сулуулугу менен Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан эле.