Жаңылыктар
ЖЭБдин ишиндеги көмүскө жагдайлар
Кылмыш
ЖЭБдин ишиндеги көмүскө жагдайлар

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жемкорлукка мурдагы президенттин дагы катыштыгы барын териштирүүдө. ЖЭБге байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча азыркы учурда экс-премьер министрлер баштаган бир катар мурдагы кызмат адамдары камакта. Айрым күбөлөр Жылуулук борборун модернизациялоо боюнча кытайлык компания менен келишим түзүү чечими Президенттин Аппаратында кабыл алынган деп көрсөтмө беришүүдө. 

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо демилгеси алгач ирет 2008-жылы көтөрүлгөн. Бирок, Бакиев бийлигинин тушунда ал ишке ашкан эмес. Маселе 2013-жылы кайрадан козголуп, бул жолу бийлик ыкчам аракеттерди жасап, жыл соңунда кытайлык компания менен болгон келишим даяр болуп, ратификация үчүн парламентке келген. Ал учурда Бишкек ЖЭБин арзан жана сапаттуу куруп берем деген бир нече чет элдик компаниянын арызы каралбай калган.

Бирок, бул сунуштардын бири да каралган эмес. Техникалык экономикалык негиздеме жок, мыйзам чегинде тендер өткөрүлбөй модернизация Кытайлык ТБЕА компаниясына тапшырылат. Оңдоп түзөө иштери 2017-жылы аяктап, 30-августта ЖЭБдин жаңы бөлүгү ишке кирген. Бирок арадан жарым жыл өтпөй, 2018-жылдын январь айында жылуулук борбору кырсыкка учураганы белгилүү. Мына ошондо аны модернизациялоодогу көмүскө жагдайлар ачыкка чыгып, тергөө мамлекетке 111 миллион доллар зыян келгенин аныктаган. Депутаттык комиссия кытайлык компания менен келишим түзүү иш аракеттери мурдагы президенттин көзөмөлүндө болгон деп шек санап, мындай күмөндөрдү бекемдеген көрсөтмөлөр жетиштүү экенин башкы прокурор парламенттин жыйынында билдирди.

Кытайдын кредити аркылуу ишке ашырууга макулдук беруу, мамлекет башчысы катары кабыл алган. Президенттин аппарат башччылыгына Сапарды коюп, каттарды туздон туз жолдогон. ТБИЕ тандоо процедурасы ачык болгон эмес, кайра карап чыгуу Ахматованын каты каралган эмес. Исаков 2018-жылодын 8-ноябрында Бишкек ЖЭБин модернизациялоого каршы чыгып жатканыны боюнча президентке кат менен кайрылып, премьерге тапшырма берууго корсотмо берген. Озгочо оор кылмыштын белгилери бар экенине далилдер жетиштуу. Укука каршы байланышты тузуу фактысы бар.

ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланышкан соттук иштер ушул күндөрү Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүүдө. Ушул аптада “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун бөлүм башчысы Нурлан Өмүралиев көрсөтмө берип, ал жылуулук борборун модернизациялоого кытайлык компанияны тандоо чечими президенттик аппаратта, ошол кезде тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков өткөргөн жыйында кабыл алынганын билдирген. Адистер Сапар Исаковду Атамбаевдин ишараты жок чечим кабыл ала алмак эмес дешүүдө.

Башкы прокуратура чогултулган материалдарга ылайык, ЖЭБди оңдоп түзөө боюнча чечим кабыл алууга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев түздөн түз кийлигишкен деген шектенүү бар экенин, анын иш аракеттеринде 319-берененин 2-бөлүгүндө каралган, өзгөчө оор кылмыш-коррупциянын белгилери бар деп эсептейт. Тергөө иштери уланууда. Ал эми Алмазбек Атамбаев депутаттык комиссиянын жана башкы прокуратуранын айыптары негизсиз экенин айтып келет.