Бишкекте сабалган чет элдик жаран эсине келбей ооруканада каза тапты. Мындай маалыматты сабалган адамдын достору кабарлап жатышат.
Баш калаадагы «Cambridge School» тил үйрөнүү мектебинде иштеген Нигериянын 34 жаштагы жараны 2-июлда«Айчүрөк» соода борборунун алдында токмок жеп, оор абалда ооруканага түшкөн.
Ошондон бери өзүнө келе албай жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Премьер-министр аны урган шектүүнү тез арада табууну Ички иштер министрине тапшырган. Милиция шектүүнү таап, камакка алган.
Ал Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну болуп чыкты. Окуя тууралуу видео социалдык түйүндөргө да тараган. Анда эс-учун жоготуп жаткан кишиге адамдар жардам берип жатышканы тартылган.
Күбөлөр чет элдик жаран менен аны урган киши соода борборунан чыкканын, кыргызстандык анын колунан кармап, кое бербей, экөө айтыша кеткенин, шектүү аны бет тарапка урганда ал башы менен асфальтка жыгылып, эс-учун жоготконун билдиришкен. Экөөнүн чырына эмне себеп болгону белгисиз.