Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБине жабдык сатып алууга 100 миллион сом керектелет
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБине жабдык сатып алууга 100 миллион сом керектелет

Бишкек Жылуулук электр борборунда насосторду алмаштырууга 100 миллион сомдон ашык каражат керектелет. Бул туурасында мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

"Электр станциялар" ишканасы цехтеги насосторду алмаштырууга кетчү чыгымды 101 миллион 436 миң сом деп эсептеген. Белгилей кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкек Жылуулук электр борборунда насостордун бири тиешелүү өлчөмдөгү сууну бере албай, натыйжасында аварияга алып келген. Жыйынтыгында Бишкек бир канча күнгө жылуулуксуз калган. 

"Сатып алына турган насостор азыр иштеп жаткан насостордун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу алынат. Аварияга эч кандай тиешеси жок" - деди "Электр станциялары" ишканасы.