Жарандар тиешелүү мыйзамдарын жакшы билишсе, калаада башаламан курулуштар жүрбөйт эле. Анткени Бишкекте мыйзамсыз салынып, кийин гана аны мыйзамдаштырууга аракет кылган учурлар көп. Арча-Бешик конушунун башталышындагы Садырбаев жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги жашоочулар, мыйзамсыз жүрүп жаткан курулуштарга нааразы болуп, "Ала-Тоо 24" каналына кайрылышкан.
Улукбек Орозалиев Арча-Бешик конушунан жер алып, үй салып, жашай баштаганына 10 жылдан ашты. Бирок жакындан бери анын үйүнүн алдын тороп тосмо курулуп, эми минтип аны айланып өтүп калды. Кырсыкты кайдан деп болбойт, кокусунан өрт чыгып кетсе, тосмонун артындагы үйлөргө унаа кире албайт деп кабатыр.
Сөз болуп жаткан аймак, Жайыл баатыр көчөсү , тагыраак айтканда Түштүк Магистраль менен Дооронбек Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Жаңы гана тосулуп, курулушу башталганы турган жер тилкеси, аркасындагы 4-5 үйдүн астын тосуп калган.
Курулуштун мыйзамсыз башталып жатканын жергиликтүү айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү деле билип турат. Айтымдарында тегеректе бир эле бул жер тилкеси эмес, ага удаалаш жайгашкан бул эки кабатуу үй, ошондой эле анын жанындагы сулуулук салону жана дарыкананын баары агынды суу жана таза суу түтүктөрүнүн дал үстүнөн орун алган.
Берилген документтердин канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин билүү максатында биз курулуш башталганы турган, тосулган жерге кирип сурап көрөлү дедик. Бирок буга чейин келип иштеп жаткан куруучулар бул ирет негедир көрүнбөйт. Ичинде болсо чындыгында таш төгүлүп, курулушту баштоого даярдык жүрүп жатыптыр. Ал эми мыйзамсыз курулган делген үйгө баш бакканыбызда кожейке, курулган даяр үйдү сатып алгандыгын билдирди.