Жаңылыктар
Кыргызстан-Индия аскердик кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Индия аскердик кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыкты

Кыргызстандын Индия менен болгон аскердик-техникалык мамилеси жаңы деңгээлге чыкты. Анын далили катары күзүндө Кыргызстандын аскер окуу жайынын мыкты окуган бир курсанты Индияга барып билим алат. 

Индиянын аскерлери да тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстанга келишет. Бул Индиянын коргоо академиясы менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтунун ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумунун негизинде ишке ашырылат. 



Индиянын премьер-министри Нарендро Модинин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын учурунда ондон ашык документке кол коюлду. Анын бири Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институту менен Индиянын коргоо академиясынын ортосундагы меморандум.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институтунун Индиянын коргоо академиясы менен буга чейинки кызматташтыгы эми кагаз жүзүндө бекемделип отурат. Меморандумдун негизги максаты - эки жогорку окуу жайдын ортосундагы тажрыйба алмашууну өнүктүрүү.

Меморандумда камтылган макулдашууга ылайык Индияга бир курсант аскердик билим алууга жөнөтүлөт. Ал үчүн экинчи курстун курсанттарынын арасынан тандоо жүргүзүлөт. Сынак сентябрь айында өткөрүлөт жана курсанттын мыкты окуганы менен чет тилдерди билгенине артыкчылык берилет. Мыктынын мыктысы гана Индияга үч жылдык окууга жиберилет.