Жаңылыктар
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт
Кыргызстан жаңылыктары
"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт

300дөн ашык көзөмөл камералары орнотулат. Экинчи этапты ишке ашырууга 4 компания талапкер болууда. Ал арада Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта атайын жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди.



“Коопсуз шаардын” биринчи этабында Бишкек шаарында 42, ал эми Чүй облусунда 60тан ашык көзөмөл камерасы орнотулган. Ал эми долбоордун экинчи баскычы өлкөнүн бардык аймагын камтыйт. Долбоордун экинчи бөлүгү эмдиги жылы ишке ашырылмакчы.


Подрядчик компания келишим түзүлгөндөн кийин гана уруксат кагаздарын ала алат жана бардык аппараттык-программалык комплекстерди орнотууну баштайт. Буга бир жыл убакыт берилген.


Ал арада Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” боюнча атайын жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы жарандардын жигердүү позициясына ыраазычылык билдирип, тез арада туура эмес орнотулган жол белгилерин алып, жол кыймылын уюштуруудагы кемчиликтерди жоюу тапшырмасын берди.