Караколдо 1,5 тонна ашлямфу даярдалды. Шаардын борбордук аянтында дасторкон жайылып, тамактын бул түрү 3,5 миң кишиге таратылды.
Мындай саамалык Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине карата "Үчүнчү түнкү этнофестивалдын" алкагында өттү. Ашлямфуну даярдоодо элдин саламаттыгынын коопсуздугу эске алынган. Караколдун атактуу тамагынын даамын татып көрүү үчүн башка аймактардан жана айылдардан да меймандар болду.