Эми Түркияга барып иштейм деген кыргызстандыктар ишке орношуу үчүн уруксат кагаздарын алууга 283 доллар эмес, 80 доллар төлөйт. Бул үчүн Бишкекте "Виза" борбору ачылды.
Борбор Бишкек шаары, Разаков көчөсү №2 дарегинде жайгашкан. Бул келишимге Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркияга расмий сапары менен барганда кол койгон. Натыйжада, Түркияда иштейм дегендер эмгек визасына 30 доллар, ал эми "Виза" борборунун комиссиялык жыйымына 50 доллар төлөйт. Ал эми ишке орношууга уруксат кагазын иш берүүчү төлөмөй болду.