Жаңылыктар
Күндүн ысык аптабына байланыштуу Бишкектин көчөлөрүнө суу чачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн ысык аптабына байланыштуу Бишкектин көчөлөрүнө суу чачылат

Күндүн ысык аптабына байланыштуу "Тазалык" ишканасы ысык кеткенче көчөлөргө саат сайын суу чачып турат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

Көчөгө 8 унаа чыгууда. Учурда алар Абдрахманов, Чүй, Шопоков, Ибраимов, Фрунзе, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрүнө суу чачууда. Башка көчөлөргө да суу чачылат. 

"Борбор калаанын саламаттык сактоо башкармалыгы көчөдөгү ысыкта көпкө чейин жүрбөөгө, зарыл болгон учурда гана сыртка чыгууну сунуштайт. Сууну өз маалында ичип туруу керек", - деп билдиришти мэриядан.