Жаңылыктар
Президент Кыргызстандын куткаруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Кыргызстандын куткаруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын куткаруучуларын кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Куткаруучулар күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда, куткаруучулардын иши өтө татаал, көп кырдуу жана опурталдуу экенин. Кандай гана катаал кырдаалдарда болбосун куткаруучулар ар дайым ыкчам жана чечкиндүү аракеттерге даяр болушарын белгиледи. 

Сиздер түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, күн сайын өз өмүрүңүздөрдү тобокелге салуу менен табияттын күтүлбөгөн кырсыктарына каршы чыныгы баатырларча күрөшүп келесиздер. Кырсыктын чеңгелинен куткарылган ар бир адам өмүрү үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздер ар дайым өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча татаал жана жоопкерчиликтүү милдеттерди ийгиликтүү аткарасыңар деп ишенем. 

Куткаруучулардын сапаттуу жана заманбап техникалар менен камсыз болушуна камкордук көрүү, алардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, ошондой эле кесипкөй жаш куткаруучуларды даярдоо — мамлекеттин милдети. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат турмуш, татаал жана жооптуу ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалайм. Жараткан колдоп, жергебизде тынчтык, элибиз бөөдө кырсыктан тышкары болсун!, - деп айтылат Президенттин куттуктоосунда.