Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 28-июнда Ош шаарынан быйылкы жылдын алгачкы каттамын кабыл алды. «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ысык-Көлдүн жээгине 88 жүргүнчүнү жеткирди.
Кайра аны менен Ошко 50 адам учуп кетти. "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Ош-Тамчы-Ош каттамы боюнча учак жумасына төрт жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү учуп турат.
Социалдык колдонуучулардын айрымдары билет баасы 4 миң сом экенин айтып нааразы болушкан. Ал эми учууларды аткарган компания, билеттин наркы 2 миң сомдон 4200 сомго чейин болуп жаткандыгын маалымат каражаттарына билдирген.
Бул аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда, июнь-сентябрь айларында иштейт.