Жаңылыктар
Калктын муктаждыгы кантип чечилип жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
Калктын муктаждыгы кантип чечилип жатат?

Беловодское айылындагы психоневрологиялык үй-интернатта 4 жаштан 18 жаш куракка чейинки 200дөн ашык бала тарбияланат. Оорудан запкы жеген балдар буга чейин эскилиги жеткен имаратта жашаса, казынадан 30 миллион сомдон көп каражат жумшалып ал жаңыртылган. Аны менен бирге дагы 50 миллион сомго 40 орундуу имарат курулуп, колдонууга берилгени турат.

Москва районундагы Мураке айылында мектеп маселеси курч болуп келген. Окуучулар ушул күнгө чейин 1933-жылы салынган мектепте билим алып келет. Бул айылда 3 жыл мурун мектеп түптөлүп, курулушу аяктап отурат. Жалпы 50 миллион сомдон ашык акча жумшалган. 

“Окуучулар ылдыйкы айылга барып келип окучу. Кийин унаа каттабай калып, ушул эски имаратта кайра окуп баштадык. Эскилиги жеткен оңдосок дагы баары бир эски", - деп билдирет Мураке айылындагы С.Бегалиев атындагы мектептин директору Салтанат Чормокеева.

Бюджеттин эсебинен каржылануучу социалдык имараттарды тендерден утуп чыккан компаниялар жүргүзүп, алардын үстүнөн капиталдык курулуш башкармалыгын көзөмөл жүргүзөт.

 Ушундай эле 150 орундуу мектеп Панфилов районундагы Букара айылында курулду. Жаңы окуу жылы окуучулар анын босогосун аттап кирет. Соңку жылдары мамлекет мектеп маселесин чечүү аракетинде. 

Буга чейин президент коррупциядан түшкөн акчага калк жыш жайгашкан жерлердеги мектептерге кошумча имарат курулаарын билдирген.