Жаңылыктар
Айдоочулук күбөлүк берүү мөөнөтүн узартуу сунушталууда
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочулук күбөлүк берүү мөөнөтүн узартуу сунушталууда

Мамкаттоо айдоочулук күбөлүк берүү мөөнөтүн беш күнгө узартууну сунуштады. Мындай кадам бир катар көйгөйдү чечет деген ишеним айтылды. Ведомство бир катар чечимге өзгөртүүлөрдү киргизип, өкмөттүн токтом долбоорун даярдады. Ал өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлган.

Мамкаттоо улуттук үлгүдөгү күбөлүк "Унаа" мамлекеттик ишканасынын аймактардагы бөлүмдөрүндө персонификацияланарын эскертет. Бул сапатты көзөмөлдөөнү, маалыматтын тактыгын текшерүүнү кыйындатып, документтин эсебин алууга жолтоо кылат. Мындан тышкары, негиздемеде коррупциялык схемаларга да жол берилиши ыктымалдыгы белгиленген. 

"Бул көйгөйлөрдү чечип, адам факторун кыскартуу үчүн айдоочулук күбөлүктү даярдоону борборлоштурулган форматка өткөрүү зарыл. Ошондуктан документти берүүнүн мөөнөтүн бир күндөн беш күнгө чейин узартуу сунушталууда", — деп айтылат маалыматта. Ал арада ушу тапта айдоочулук күбөлүк атайын бланктарда эмес, жөнөкөй кагазга басылып берилүүдө.