Такыр эле тамтыгы чыгып, айдоочу менен жүргүнчүлөрдү кыйнап келген Жалал-Абад облусунун аймагындагы жолдор оңолот. Жалал-Абад - Балыкчы автомобиль жолдору башкармалыгы жыл аягына чейин 30 чакырым жолго жаңы асфальт басканы жатат. Азыры учурда асфальттоо иштери Аксы районунда жүрүп жатат.
Быйыл Жалал-Абад - Балыкчы автомобиль жолдору башкармалыгына капиталдык салымдын эсебинен, Транспорт жана жолдор министрлигинен болуп жалпы 150 миллион сом каралган. Ал каражатка 30 чакырым жол асфальт болуш керек.
Азыркы учурда Аксы районундагы Кербен-Үч-Коргон каттамынын Жийде-Бел аймагын асфальтоо иштери аягына чыгайын деп калды. Буга чейин каттамдын бул аралыгы такыр эле талкаланып, унаа жүрүүгө кыйын болуп калганын айдоочулар айтат. Асфальт болгон жер 1 чакырымды түзөт. Кербен-Үч-Коргон жолу облус борборуна барчу негизги жол.
Аксы районундагы №12 жол тейлөө мекемесине быйыл 8 чакырым жолго жаңы асфальт төшөө иши жүктөлгөн. Асфальт басуу менен катар эле утурумдук жамоо иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абад облусунда айыл аралаган ички жолдорду четинен асфальттап жаткан айыл өкмөттөр да жок эмес. Сузак районунун Багыш айылындагы негизги көчө жаңы асфальт болду. Айдоочулар менен жергиликтүү жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып келген жол, эми оңолуп, шарт жакшырып калган. Бул үчүн айыл өкмөтү 3 миллион сом бөлгөн.
Ал эми Ала-Бука району менен үч айыл өкмөттү байланыштырган каттам такыр эле оңолбой келет. Жолдун абалы ушул. Бул жол жүргүнчүлөр менен айдоочулардын айласын кетирип бүткөн. Район борборуна каттам аркылуу Көк-Таш, Көк-Серек жана 1-Май айыл аймагынын эли каттайт.
Жалал-Абад облусунда эл аралык маанидеги жолдорду жамоо иштери аягына чыккан. Азыры учурда мамлекеттик жана жергиликтүү жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери жүрүп жатат. Быйыл аба-ырайы жаан-чачындуу болгонуна байланыштуу жол жамоо иштери кеч башталды.