Жаңылыктар
Бишкекте “Мигрант үнү” аталган иш-чара өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте “Мигрант үнү” аталган иш-чара өтөт

Борбор калаада “Мигрант үнү” аттуу акция өтөт. Максаты - чет жакта иштеп жүргөндөрдүн көйгөйүн бийликке жеткирүү. Максим Горький атындагы гүлбактагы иш-чарага Орусияда иштеп жүргөн мекендештер көйгөйлөрдү айтып берүү үчүн чогулат. 

“Замандаш” партиясынын басма сөз катчысы Эрлан Бекчоро уулу билдиргендей, мигранттар "Жүк-200", пенсиялык фонд, социалдык укук боюнча көйгөйлөрдү көтөрөт.