Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графиги узарды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматында, эми борбор калаадагы калкты тейлөө борборлору эртең мененки 8ден кечки 7ге чейин иштейт.
Мурда алар тогуздан кечки алтыга чейин иштеп келген. Бишкектеги калкты тейлөө борборлору бир күндө 1500-2000 жаранга кызмат көрсөтөт. Негизги максат - бул жердеги кезек күтүүнү жоюп, кызмат алууга келгендерге жакшы шарт түзүү.
Учурда борбор калаада 4 чакан калкты тейлөө борбору иштейт. Алар эс алуу күндөрү дагы саат 10дон кечки 7ге чейин кызмат көрсөтөт. Ал эми Биринчи май, Октябрь, Свердлов, Аламүдүн, Ленин райондорунун калкын тейлеген борборлор эми эртең мененки саат 8ден кечки 7ге чейин иштемекчи.