Бишкектин Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантып, кезектеги отурумда эки шаар башчыны №1 тергөө абагына которуу тууралуу өтүнүчтү четке какты.
Ошентип, экс-мэрлер УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Өткөн жумада мурдагы эки мэрди Бишкектеги Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №1 тергөө абагына которуу тууралуу сотко өтүнүч келтирилип, адвокаттар буга каршы чыгышкан.
Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталууда. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Мындан тышкары, эки мэрдин ишине байланыштуу дагы ондон ашык кишиге айып коюлган. Алардын мамлекетке келтирген зыяны ондогон миллион сом деп эсептелет.
"Бүгүнкү соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар тарабынан бардык айыпталуучуларга айып корутундусу окулду",- деп билдирди Бишкек шаардык сотунун маалымат катчысы Айсулуу Исабекова.