POST1RIGHT
Сапаттуу сырьё тамак-аш өнөр жайы үчүн көйгөйлүү маселе. Бул тууралуу өнөр жай жана ишкерчиликти өнүктүрүү комитетинин алгачкы жыйынында Тамаш-аш өнөр жайы ассоциациясынын өкүлү Диляра Алимжанова билдирди. Анын айтымында, бул тармакта республика боюнча 300дөн ашык ишкана иштеп жатат. Ошондуктан, сырьёну өзүбүздө өндүрүү зарылдыгын белгиледи.
"Орто жана чакан кайра иштетүү ишканалары советтик доордогу жабдыктар менен иштөөгө аргасыз болууда. Бул албетте сапатка таасирин тийгизет. Буга байланыштуу биздин базарларды сырттан келген товарлар ээлеп алууда. Бул маселени мамлекет тезинен чечпесе болбойт. Сырьё базасын түзүү үчүн инвестиция тартып, салыктардын өлчөмүн кайра карап чыгыш керек", - деди Алимжанова.