Жаңылыктар
Жемкорлук менен күрөш
Кыргызстан жаңылыктары
Жемкорлук менен күрөш

Узаган аптада дагы чуулгандуу сот иштерин териштирүү улантылды. Бишкектин Ленин райондук сотунда эки экс-мэрдин иши каралып, айыпталуучулардын жактоочусу тарабынан сотко бир нече өтүнүч келтирилди. Адвокат Сергей Слесарев Ибраимовго байланыштуу «Дастан» ишканасы боюнча кылмыш ишти токтотууну өтүнүп, айыптоочу тарап буга каршы чыкты. 

Эки тараптын жүйөсүн уккан соң сот өтүнүчтү четке какты. Слесарев андан кийин Ибраимов мэр болуп турган учурдагы ишти өзүнчө кароого бөлүп алууну суранып, бул өтүнүч да кароосуз калтырылды.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматовго «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталууда. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. Мындан тышкары эки мэрдин ишине байланыштуу дагы ондон ашык кишиге айып коюлган. Алардын мамлекетке келтирген зыяны ондогон миллион сом деп эсептелет.