Бала кезинен атка жакын өскөн Нурбек Курбаналиев Россияда жашап иштеп жүргөнүнө 17 жылдын жүзү болуптур. Ал көк бөрү оюнунун күйөрманы эле болбостон, өзү да бала кезинен улак тартат. 2018-жылдан бери бул кызыктуу оюнду орус жергесинде жайылтуу ишин колго алган. Негизи улакчы менен ат жарашпаса жогорку деӊгээлдеги оюн көрсөтүү абдан кыйын. Андыктан ал 30дан ашык аргымакты Кыргызстандан атайын алдырып, топ түзгөн. Былтыр февраль айында Москва шаарынын борбордук ат майданында көк бөрү боюнча турнир уюштуруп, ага Талас, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абаддын көк бөрүчүлөрү катышкан. 5 миң адамдык ипподромго 10 миң адам топтолуптур.
Социалдык тармактарда бул оюн кызуу талкууну жаратып, анда аргымактарды аягандар да чыгып, бирок, ага карабастан бул оюнга шыктанып, кызыккандардын саны жылдан жылга артууда. Нурбек аргымактарды Москвага жакын жайгашкан Донино айылында кармайт. Ал жерге каарманыбыз машыгууларды өткөрүү үчүн тай казаны менен аянтчаны даярдап алган.
12-июнь – Россия күнүнө карата, Сергиев Посад шаарындагы Благовещенск талаасында Россия элдеринин жана Евразия өлкөлөрүнөн катышкан “Орус дүйнөсү” улуттук спорт оюндарынын 3-фестивалы өттү. Баш байгеге автоунаа коюлуп, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көкбөрү боюнча эл аралык турнир болуп, анын уюштуруучусу катары дагы Нурбек Курбаналиев чыкты. Ага Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Россиядан төрт команда катышты.
Ат жалында ойногон жигиттер менен оюнга мыкты даярдалган аргымактар, эч кимди кайдыгер калтырган жок. Мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандан «Атуул» командасы келген. Бул топтун өзгөчөлүгү - жигиттердин бары орус улутунда болгондугунда.
Нурбек Крубаналиевдин алдыга койгон чоң максат-тилектери бар. Баштаган ишин ара жолдо калтырбай, аягына чыгарсам, - дейт. Албетте, кыйынчылыктар да жок эмес. Жылкынын тоютуна, көк бөрүчүлөрдүн айлыгына жана аткананын ижарасына айына 450 миң рубль сарпталат. Жардам алыстан келбей, мекендештер, тактап айтканда “Эмгек мигранттарына укуктук жана социалдык жардам көрсөтүү борбору” деп аталган аялдар уюмунун мүчөлөру, көк бөрүгө түшкөн аргымактарды багууга деп атайын эсеп ачып, каалагандарды каражат которуп турууга чакырышты.
Мекендештер “Атуул” тобун да көңүл сыртында калтырышкан жок. Ата- бабалар мурас кылып кеткен эрендердин эр оюну болгон көк-бөрүнүн оюнчуларына ак калпак кийгизип, чакырууну кабыл алып, мыкты оюн көрсөткөндорү үчүн ыраазычылык билдиришти.