Жаңылыктар
Автоунааны каттоо бланктарынын ордуна убактылуу документ бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Автоунааны каттоо бланктарынын ордуна убактылуу документ бериле баштады

Айдоочулук күбөлүк менен автоунааны каттоо бланктарынын ордуна убактылуу документ бериле баштады. Бул кагаздар өкмөттүн буйругу менен 10-июндан тартып берилүүдө. Буга чейин айрым айдоочулар Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк менен автоунааны каттоо тууралуу бланктарды жөнөкөй кагаз түрүндө эле берип жатканын айтып чыгышкан. Мекемеден билдиришкендей, буга чейин бланктарды "Атлас Групп" деген чет өлкөлүк жеке компания чыгарчу. Компания 2011-жылкы тендерден утуп чыгып, 8 жылга келишим түзүлгөн. Келишим ушул жылдын апрель айында аяктаган. Алар жасаган бланктардын акыркылары азыр чет өлкөгө унаа айдап кетчү айдоочуларга гана берилип жатат. 

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга ылайык, бланктарды жергиликтүү гана компаниялар басууга укуктуу болуп калган. Жаңы мыйзамга ылайык, бланктарды чыгаруу тендерине мамлекеттик жана мамлекетте үлүшү бар компаниялар катышышы керек. Бул тендерде "Учкун" жана "Гознак" компаниялары күчүн сынап, жыйынтыгында "Гознак" ишканасы жеңүүчү аталды. Алар бир бланктын баасын 192 сомго баалаган. Азыркы учурда келишим түзүлүп, үлгүлөрү бекитилди. Даяр болгондон кийин мурдагыдай эле бланктар бериле баштайт. Убактылуу бланктар Кыргызстандын ичинде гана жарактуу.