Жалал-Абад облусунун Арстанбап-Ата аймагында “Бабаларга таазим” аттуу руханий иш-чара өттү. Ага өлкөнүн 7 дубанынан отузга жакын уруулардын 350дөй өкүлү катышты. Анда Арстанбап-Атадагы 18-кылымга чейинки эл башкарган башчылардын, хандардын жана баатырлардын сөөгү жаткан мүрзөлөрдү мамлекеттик камкордукка алуу, алардын бузулуп кеткен күмбөздөрүн жаңыдан куруу маселеси көтөрүлүп, чогулгандар сунуш-пикирлерин ортого салышты.
Иш-чаранын башкы максаты - ата-бабалардын басып өткөн жолун эскерүү, аларды даңазалоо болду. Соңунда катышуучулар Арстанбап-Атага “тарыхый аймак” деген макамын берүү боюнча кайрылуу кабыл алышты. Кабыл алынган кайрылуу тийиштүү бийлик өкүлдөрүнө жөнөтүлмөй болду.
“Чогулганыбыздын дагы бир максаты - Арстанбап-Ата аймагына өзгөчө көңүл буруу, мамлекеттик деңгээлде камкордук алуу жагына чакыруу. Бүгүн бир канча сунуш-пикир боюнча чечимдер кабыл алынды. Эми ал каалайык-калкка, бийлик башчыларына жөнөтүлөт. Тарыхы адамдар өткөн жерге тарыхый баа берилиш керек",- деди “Кыргыз жолу” коомунун кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев.
“Биздин элди эмне бириктирет? Ушуга окшогон идея, руханий үрп-адат жана каада-салт бириктирет. Эң башкысы Манас атабыздын идеологиясы бириктирет. Бүгүн 40 уруунун башын да ошол идеология бириктирип турат. Бабаларды, тарыхый жерди коргоп калуу боюнча жакшы сунуштар, ойлор айтылды”,- деп билдирди Ысык-Көл облусунун тургуну Айжан Садырбаева.