Жаңылыктар
Борбор калаада кичи автобус өрттөнүп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада кичи автобус өрттөнүп кетти

Кырсык так май куюучу жайдын жанында катталгандыктан айланасындагы жашоочулар тынчсыздануу менен Алатоо 24 каналына кайрылышкан. Себеби бул аймакта өрт кырсыгынын катталышы биринчи жолу эмес. 

Бишкек шаарындагы Орозбеков жана Түгөлбай ата көчөлөрүнүн кесилиши. 16-июнь күнү таңкы саат 8.30 дар чамасында жөн эле токтоп турган кичи автобустан өрт чыгып, жанындагы жеңил автоунаа кошо күйүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, дагы өрт өчүрүүчүлөр убагында келип, 5 метр алыстыкта турган май куючу жайга жетпей кудай сактады.