Акыркы беш айдын ичинде мамлекеттин казынасы 2 жарым млрд сом зыян тарткан. Бул экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аныктап чыккан гана сумма. Маалыматка ылайык, анын дээрлик жарымынан көбү казынага кайтарылган. Бул жагдайда салык жана кызматтык кылмыштардын саны көбөйгөн. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 300 иш катталган. Бул беш айдагы көрсөткүч.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине беш айдын ичинде 2 миңдей арызды каттаган. Кылмыштардан мамлекетке келген зыяндын көлөмү 2 жарым млрд сомдон ашык. Анын жарымынан көбү казынага кайтарылды. Мындай фактылар көбүнесе Чүй жана Талас облустарында катталган. Өлкөгө дээрлик 10 млрд сомго эсептелген күйүүчү майлоочу каражаттар ташылып, бажы жана салык төлөмдөрү төлөнгөн эмес.
Аткезчилик жол менен ошондой эле ун, жер семирткич, металл, алкоголдук продукциялар жана тамеки кирген. Ал эми кызматтык кылмыштарга келсек, анын коомчулукта резонанс жараткандарынын бири Бишкектеги түштүк батыш көрүстөнүндөгү көр сатуу иши. Убагында бул ишти маркум журналист Улан Эгизбаев иликтеген. Бул боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлүп берилди. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке акча которууну улантууда. Эсепке коррупцияга каршы күрөштөн келип түшкөн каражаттар которулат. Ага Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК жана Финпол тарабынан кайтарылган каражаттар да салынат. Азыркы учурда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 750 млн сомдой которду.