2011-17-жылдары Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кетти деген каражаттар боюнча бүгүн парламентте сөз болуп, бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутаттар бул боюнча Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун пикирин сурашты. Буга чейин Азаттыктын иликтөөсүндө, өлкөдөн 700 млн долларга жакын акча каражаты коммерциялык банктар аркылуу чет өлкөлөргө которулганы айтылган.
Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин бүгүнкү жыйынында Улуттук банктын 2018-жылдагы ишмердиги боюнча отчет талкууланды. Жыйында депутаттар коммерциялык банктардын ишмердиги, насыя, депозиттердин пайыздык үстөктөрү боюнча бир катар маселелер көтөрүштү.
Ал эми депутат Кубанычбек Нурматов буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарына жарыяланган, Кыргызстандан 700 млн долларга жакын каражат мыйзамсыз чыгарылып кетти деген маалыматтардын чын төгүнүн тактады. Улуттук банктын төрагасы чынында бул маселе боюнча өткөн жумадан бери ар кандай маалыматтар тарап жатканын, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да иликтөөдө айтылган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырганын билдирди. Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, бул жерде көңүл бура турган бир нече жагдайлар бар.
Толкунбек Абдыгулов белгилегендей, коммерциялык банктар акча которуучу жана алуучу эки тарап тууралуу маалыматтарды тактаган соң гана акча которуу жүргүзүлөт. Документтер толук болгон күндө дагы, эгер банк кызматкеринин кандайдыр бир суроосу болсо ал Каржы чалгындоо кызматына жөнөтүлүп, каражаттын мыйзамсыз же мыйзамдуулугу текшерилет. Улуттук банктын төрагасы мындай билдирүүлөр банк системасына терс таасирин тийгизбеши керек деп эсептейт. Айтымында, өлкөнүн банк системасы тууралуу маалыматтар өлкө ичинде гана эмес, чет мамлекеттерде да тыкыр иликтенип, байкоо жүргүзүлүп турат.
Ар бир жагдай чет элдик өнөктөштөр менен ишкерлик жаатында иш алып барган кардарларга таасир этиши мүмкүн. Мындай маалыматтардан кооптонуп турганын бүгүн маалымат жыйынга чогулган бир катар ишкерлер да билдиришти. Өлкөдөгү ири базарлардын өкүлдөрү кытай ишкерлери тарабынан мыйзамсыз каражаттар чыгарылып жатат деген маалымат каражаттарынын иликтөөсүнө карата пикир билдирүүнү туура көрүшкөн. Мадина базарынын директору Эрик Умарбаевдин айтымында, базардын аймагында 10дон ашык коммерциялык банктардын өкүлчүлүктөрү бар жана алар өз милдеттерин так аткарууда.