2018-жылы кыштын чилдесинде Бишкек Жылуулук электр борборунда жаралган жагдайдан улам ачыкка чыккан мыйзамсыз аракеттер көптөн бери коомчулуктун көңүлүндө. Авариядан кийинки текшерүүлөрдө энергетика тутумун тизгиндеп турган жооптуу кызматтагы адамдар менен жогорку бийлик бутагындагы аткаминерлер биргелешип схема түзүп, миллиарддаган акчаларды өөнөп алганы аныкталган. ЖЭБке байланыштуу бир нече кылмыш иши козголуп, эки факты боюнча соттун өкүмү чыгып, калганы боюнча териштирүү улантылууда.
Бишкек Жылуулук электр борборун 2017-жылы кышка карата оңдоп-түзөөгө деп бөлүнгөн каражаттын туура эмес сарпталышы биринчи кылмыш ишинин ачылышына негиз болгон. Териштирүүдө тараптар казынадан бөлүнгөн ири өлчөмдөгү каражатты өздөрүнө ыйгарып, оңдоо иштерин ЖЭБдин кызматкерлерине жүктөгөнү жана башка мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Жыйынтыгында сот “Электр станциялары” ишканасынын жооптуу адамдары Алмаз Жусупбеков менен Бердибек Боркоевди жана тендерге катышкан компания өкүлдөрү Темирбек Ниязов менен Канат Деркинбаевди күнөөлүү деп таап, алар 6 жылдан жети жарым жылга чейин эркинен ажыратылган.
Чуулгандуу иш боюнча акыркы эки аптадан бери жабырлануучу тараптын өкүлдөрү көрсөтмө беришүүдө. Тагыраагы “Электр станциялары” ишканасы менен Каржы министрлигинин расмий өкүлдөрү сотко чакырылып, Кытай банкы менен түзүлгөн келишимдеги алешемдик, насыянын канчасы төлөндү жана тараптар узаткан суроолорго жооп беришүүдө. Ал эми “Электр станциялары” ишканасы ЖЭБдин модернизация болду деген бөлүгүндө мүчүлүштүк бар экенин жарыялаган.
Аны пайдаланууга берүүдө комиссия аныктаган. ЖЭБди модернизация кылууга Кыргызстан Кытайдан 386 миллион доллар насыя алган. Бул чоң акча, бирок ошол ири көлөмдөгү каражат максаттуу сарпталганбы деген чоң суроо сотто каралып, четинен айыбы ачылууда. Чоң жемкорлук фактысы менен мамлекетти колго алып турган адамдар айыпталууда. Мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, каржы министри Ольга Лаврова мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баш болгон энергетиктер бар.
Ушул апта соңунда ЖЭБдеги кырсык боюнча айыпталып жаткан жети адамдын ичинен төртөө сот залынан бошотулду. "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Кенжебек Боркоев үч жылдык сыноо мөөнөтү менен 7,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Мындан тышкары ал мамлекеттин пайдасына 300 миң сом айып пул төлөйт. Нурлан Садыков, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Өмүркул уулу айып пул төлөшөт. Алар өздөрүнө тагылган айыпты мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макулдук беришкен.