Жаңылыктар
Санариптик трансформация Кыргызстанда жигердүү жүрүп, тез ыргак менен өнүгүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик трансформация Кыргызстанда жигердүү жүрүп, тез ыргак менен өнүгүүдө

Санариптештирүү аркылуу өлкөнү өнүктүрүү- Кыргызстандын өзүндө дагы негизги тапшырмалардын бири катары кабыл алынган. Жана бул багытта тиешелүү жыйынтыктар бар. Буга чейин өлкөдө “Түндүк” системасы түзүлүп, анын иши мамлекеттик мекемелерде, министрликтер жана жана муниципалдык уюмдардын ортосунда маалымат алмашууга багытталган.

“Түндүк” аркылуу алмашылган ар бир маалымат автоматтык түрдө маалымкат, отчет катары сакталып, аларга кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүгө бөгөт коёт. Мындай жол менен документ же маалымкаттарды жасалмалап коюу деген түшүнүк жоюлат.