Президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында “Тумар” улуттук өнөктүгү башталды. Иш-чарада Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев сөз сүйлөп, мамлекет башчысынын атынан балдарды куттуктады. Ал балдарды коргоо маселеси мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар тарабынан ар күн сайын жана дайым чечилип турушу керек экенин белгиледи.
Иш-чара майрамдык концерт менен коштолду. Өнөктүк БУУнун Балдар фондусу менен биргеликте ишке ашырылууда. Иш-чаранын негизги урааны - «Мен балдар үчүн коргоочу - Тумар болом!» деп аталат. Башталган өнөктүк 2019-жылдын аягына чейин улантылат.