Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде “Акыркы коңгуроо” кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде “Акыркы коңгуроо” кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды

Республика боюнча 2 миң 262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң бүтүрүүчү аяктап жатат. Бүтүрүүчү класстардын окуучуларына «Акыркы коңгуроо» майрамына карата акча чогултуп, белек алууга, кымбат автоунааларга түшүп, үлпөт куруп, кафе-ресторандарда сайрандоого Билим берүү жана илим министрлиги тыюу салган. 4 миңден ашуун милиционер коомдук тартипти көзөмөлдөөдө. Ал эми баш калаа Бишкекте коомдук коопсуздукка 600 милиция кызматкери тартылган.