Жаңылыктар
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө мусулмандардын ыйык орозо айы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө мусулмандардын ыйык орозо айы башталды

Кыргызстандык мусулмандар дагы таң эрте ооз бекитишти. Орозону 6-майда баштоо чечимин аалымдар кеңеши кабыл алган. Рамазан айында эмнеге уруксат, эмнеге тыюу салынат? 72 жаштагы Тажымамат Жусупов жаш кезинен бери такай орозо кармап келет. Таң эрте ниет кылып, үй-бүлөсү менен бирге ооз бекитти. Бул аксакалдын орозо туткан отузунчу жылы. Орозо айында ички организм менен бирге жан дүйнө да тазаланат деп кошумчалады. 

Ал эми, Алзуура Тентимишова быйыл биринчи жолу орозо кармады. Көп жылдардан бери ниет кылып, саламаттыгына байланыштуу тута албай келген. Орозонун алгачкы күнү эч кандай кыйынчылыксыз, жеңил өткөнүн айтат. 

Орозо айында адамдын организми эс алат. Тынбай иштеп жүргөн ашказанга тыныгуу болот. Натыйжада органдар жакшы иштей баштайт. Бирок орозону биринчи орунда ден соолук үчүн эмес, соопчулук үчүн тутуу керек. Анткени Орозонун маани-маӊызы бийик - бул ай ыймандуулуктун, жан дүйнөнү тазалоонун жана сабырдуулуктун айы. Айдын аягында битир-садака таратылат. Быйыл битир-садаканын бир адамга минималдык суммасы 1,6 кг буудайдын наркына туура келди.