Каракол шаарында көмүрдүн баасы кымбат болууда. Азыркы тапта жергиликтүү көмүрдүн тоннасы Каракол шаарында беш миң сомдон жогору, ал эми Казакстан көмүрү алты миң сомдон сатылууда. Мындай баалар өзгөчө пенсия менен гана жан баккан айрым карыялардын нааразычылыгын жаратууда. Себеби, айына үч миң сомдон жогору эмес пенсия алган карыялар акчасын жеткире албай убара.
Мындан улам көпчүлүк тургундар көмүрдү 2-3 каптан гана, чектеп алууну туура көрүп жатышат. Ал эми аймакка көмүр тарткан жеке ишкерлер көмүрдүн баасы күйүүчү майдын кымбатташына да байланыштуу болууда дешет. Себеби, көмүр Нарын облусу жана андан берки Балыкчы шаарынан ташылат. Бирок жеке ишкерлер көмүрдүн баасы былтыркы жылдагыдай эле болуп жатканын белгилеп, өтө деле жогорулатуу болбогонун айтышат.
"Беш-Сарыныкы дейт мен алган көмүр. Беш жарым миң сомдон ылдый жок экен. Көмүр көп эле экен Караколдо, бирок өтө кымбат. Жылдагыга караганда быйыл өтө кымбат",- деди Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын тургуну Турдубай Мамытов.
"Билбейм бул соляркага байланыштуу го бул. Биз деле солярка арзан болуп, арзан ташып келсе, арзан эле берет элек да. Солярка кымбат болгон үчүн ушундай баа, жерди да ушунун айынан иштете албай атабыз да. Азыр 45 сомдон 51 сомго чейин болуп атат. Анан каяктагы арзандатмай",- деген пикирин билдирди сатуучу Алыбек Текесбаев.