13-14-октябрь күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидрометтен кабарлашкандай, 14-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн. Ал эми 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.