Жаңылыктар
«Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылыш аземи өттү
Кыргызстан жаңылыктары
«Чыңгыз Айтматов жана учур чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылыш аземи өттү

“Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары”. Мына ушундай аталыштагы эл аралык Ысык-Көл форуму бүгүн борбор калаада расмий ачылып, ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Жыйында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан тартып, жалпы адамзаттын жашоосуна байланышкан көйгөйлөр, аны чечүүнүн жолдорун демилгелеген идеялары тууралуу айтылып, бул маселелерди талкуулоо үчүн эл аралык Ысык-Көл форуму эң ыңгайлуу аянтча экени белгиленди. Иш-чарага 25 мамлекеттен 150дөн ашык делегаттар, анын ичинен маданият, адабият, кино жана искусство жаатындагы дүйнөгө белгилүү инсандар катышты.

Дүйнөнүн төрт бурчунан келген белгилүү жазуучулар, адабият таануучулар, публицист, драматургдар, искусство адамдары жана коомдук, маданий ишмерлер. Булардын бардыгы эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучулары. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жакындары- карындашы Роза Айтматова, жубайы Мария Айтматова жана уулу Элдар келген. Мындан сырткары жергиликтүү окумуштуулар, илимпоздор катышып отурат. 

Эл аралык биринчи Ысык-Көл форумунда Чыңгыз Айтматов дүйнөдөгү белгилүү интеллектуалдарды чогулта алган. Анда Ысык-Көл шеринесинин катышуучулары- Британиялык жазуучу жана актер Питер Устинов, америкалык окумуштуулар Олвин жана Хейди Тоффлер, эфиопиялык сүрөтчү Афеверк Текле, Нобель сыйлыгынын ээси, франциялык Клод Симон, америкалык жазуучулар Артур Миллер жана Джеймс Болдуин, Италиялык физик, Аугусто Форти, ЮНЕСКОнун баш катчысы Федерико Майор жана башка чыгаан инсандар болгон.

Ошол убактын алдыңкылары болгон адамдар 20-кылымдын соңунда жана 21-кылымга жакын орун алган коомдун өнүгүүсүндөгү олуттуу көйгөйлөрдү талкуулашкан. Ысык-Көл форуму өз кезегинде жаңы аң сезимдин ойгонушу, коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоо маселелеринен тартып, көркөм адабият, маданиятка чейинки өзгөрүүлөр боюнча чечимдердин башаты болуп калган. Президент Сооронбай Жээнбеков форумдун катышуучуларына жылуу саламын жолдоп, өз сөзүндө эл аралык Ысык-Көл форумунун мааниси, анын дүйнөлүк масштабдагы көйгөйлөрдү чечүүдөгү ордун белгилеп өттү. 

Чыңгыз Айтматов кийин биринчи Ысык-Көл форуму өткөн орду - Борбордук Азия - глобалдуу проблемаларды талкуулоого абдан ылайыктуу мейкиндик экенин жазган. Бул аймак ар кандай цивилизациялардын, улуттардын, диндердин жана маданияттардын айкалышы орун алган дүйнө жүзүндө өтө сейрек кездешчү чөлкөм деп айтылат. Өлкө башчысы кезектеги форум улуу инсан Чыңгыз Айтматов демилгелеген нарктуу салтты улантуу экенин белгиледи.

Улуу жазуучу өткөн заман тууралуу бүт билгендерин жүрөгү менен сезип, акылы менен туйгандарын зор талант менен чагылдырып, урпактарга мурас кылып калтырып кетти. Өлкө башчысы залкардын өзгөчөлүгү, адамдык сапаты тууралуу белгилеп, ал кыргыздын жашоосу аркылуу жалпы эле адамзаттын тилегин, кубанычы менен көз жашын айткан жазуучу болгонун айтты.

Ысык-Көл форумунда Чыңгыз Айтматов көтөргөн маселелер, анын бай руханий мурасы дагы эле бүт дүйнө жүзүндө кызыгууну пайда кылып, даанышман ойлору, бийик гуманисттик баалуулуктары азыр да адамдар үчүн адеп-ахлактын багыты болууда. Мына ушундай ойлорду камтыган кайрылууну Орусиянын Президенти Владимир Путин жолдогон. Аны Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько окуп берди.

Эл аралык Ысык-Көл форуму түрк тилдүү мамлекеттердин Түрксөй уюму жарыялаган Чыңгыз Айтматов жылына тушташ келип отурат. Уюмдун баш катчысы Дюсен Касеинов, түрки тилдүү мамлекеттеринде жана алыскы өлкөлөрдө жуздөгөн иш-чаралар өтүп жатканын билдирди.

Эл аралык Ысык-Көл форумунун актуалдуулугу, Улуу жазуучунун көтөргөн демилгелери, аны ааламдашуу заманында, тагыраагы азыркы учурда ишке ашыруунун жолдору, келечек муун кабыла турган көйгөйлөр тууралуу бир катар окумуштуулар, маданият ишмерлери ой толгоолорун бөлүштү. 

Жыйынга катышкан окумуштуу, илимпоздор Ысык-Көл форуму мындан ары дагы уланып, залкар жазуучу көтөргөн демилгелер ишке ашырылат деген ишенимде. Учурда келечек муун кабыла турган жаңы чакырыктарга каршы туруу жана алдын алуу ыкмаларын ойлоп табуу керек.

Жыйындын расмий ачылышынын биринчи бөлүгү жыйынтыкталды. Өлкө башчысы анда форумдун катышуучулары- кыргызстандык жана казакстандык белгилүү жазуучулар, окумуштуулар, культурологдор, филологдор жана жазуучунун жакындары менен баарлашып, андан соң алар менен чай үстүндө баарлашты. Бейформал жолугушууда да улуу жазуучунун демилгелери тууралуу сөз болуп, анын басып өткөн жолун эскерип отурушту. Андан ары форум өз ишин пленардык отурумдар форматында өттү. 6-7-октябрда иш-чаранын кийинки бөлүгү Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарында уланат.