Жаңылыктар
Кыргызстанда бүгүнтөн баштап пенсия көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бүгүнтөн баштап пенсия көбөйдү

Социалдык фонд пенсия төлөмдөрүн кайрадан эсептеп чыкты. Эми социалдык фонд пенсияга деп кошумча дагы 744 миллион сом бөлө турган болду. Андан сырткары, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген медайымдардын да маянасы көбөйдү.

Азыр Кыргызстанда 648 миңге жакын жаран пенсия алат. Алардын 38 пайызынын алган акчасы бир айдын ичинде орто эсеп менен сарптай турган ченемге жетпейт. Ошондо, пенсия алуучулардын 13 пайызына 4 миң сомго чейин, ал эми 14 пайызына 3 миң сомдун тегерегиндеги акча төлөнөт. 

Эми пенсия алуучулардын кулагына күмүш сырга. 1-октябрдан баштап өлкөдө пенсия көбөйдү. Социалдык фонд пенсия төлөмдөрүн кайра эсептеп чыкты. Жыйынтыгында, пенсиянын орточо өлчөмү 378 сомго көбөйүптүр. 

Социалдык фонд мурда пенсияга деп 3,5 миллиард сом сарптачу. Ушул айдан баштап пенсияга деген каражат 3,8 миллиард сомду түзүп калат. 

Өлкөдө пенсия гана эмес, үй бүлөлүк дарыгерлердин жана үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген медайымдардын маянасы да көбөйдү. Мында ар бир кызматкердин иши түрдүү багытта каралып, андан кийин маянасынын үстүнө кошумча каражат кошуп берилет. Бул орточо эсеп менен 16 миң сомду түзөт. Ошондо, бир жылга 630 миллион сом керек болот. 

Октябрь айы жакшы жаңылыктар менен башталды. Алдыда башка багытта иш алып барган дарыгерлердин маянасын көтөрүү пландалууда.