Кыргызстанда жол коопсуздугун алдын алуу максатында эрежеге өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Буга багытталган өкмөттүн токтомунун долбоорун өлкөнүн юстиция министрлиги коомдук талкууга алып чыкты. Жаңы эрежеге ылайык, калктуу конуштардын аймагында ылдамдыкты 60 чакырым сааттан 50 чакырым саатка чейин төмөндөтүү каралууда.
Өлкөдө жол кырсыктарынын саны жыл санап өсүп, жүздөгөн адамдар анын курмандыктары болууда. Көп кырсыктар унааны жогорку ылдамдыкта башкаруудан улам орун алып, узак трассаларды мындай кой, калктуу конуштардын аймагында да орнотулган белгиге маани бербегендер көп.
Жол кырсыктарын алдын алуу, дегеле жол коопсуздугун камсыздоо максатында юстиция министрлиги тарабынан жаңы эрежелер иштелип чыкты. Ага ылайык, калктуу конуштардын аймагында ылдамдыкты 60 чакырым сааттан 50 чакырым саатка чейин төмөндөтүү каралууда. Демилге учурда коомдук талкуудан өтүүдө.
Мындан сырткары документте жол коопсуздук эрежесине тиешеси жок нормаларды жокко чыгаруу каралган. Ага ылайык, жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери айдоочулардан унаа салыгын төлөгөндүгү тууралуу маалыматты талап кыла албайт. Эгер жүк жана жүргүнчү ташуучу унаа болсо алардан күбөлөндүрүүчү же уруксат кагаздарын суроого тыюу салынат. Мындан сырткары өзгөртүүлөрдө 12 жашка чейинки балдарды авто отургучу жок ташууга тыюу салынмакчы. Долбоордо “Жаңы баштаган айдоочу” жана “Такси” белгилерин орнотуу да каралган.