Жаңылыктар
Күндүн темасы: Ишкерлерди өкмөт каржылык колдоого алды
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: Ишкерлерди өкмөт каржылык колдоого алды

«Гарантиялык фонд» ААК чакан жана орто бизнестин ишкерлерине кошумча күрөө камсыздоосун берүү менен колдоо көрсөтөт. Күрөөсү жетпеген дыйкан-фермерлерди колдоого алат. Эгерде кардарда күрөө каражаты жетишсиз болсо, анда фонд кепилдик берүүчү катары чыгып, банк тарабынан берилүүчү кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.  

Мына ушул багыттагы кеңири маекке “Айылбанк” ААКнун филиалдарды насыялоодо коштоо бөлүмүнүн башчысы Келдибеков Талант Көчкөнбекович жана  «Гарантиялык фонд» ААКнун стратегиялык өнүгүү жана гарантияларды камсыздоо  болүмүнүн адиси Берик Кожомкулов катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"